Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин жолугушуусу видеодо

Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Москва шаарына болгон иш сапары 27-февралда башталды.
Sputnik

РФ лидери Владимир Путин КР президенти Сооронбай Жээнбековду тосуп алып жатып, Россия товар айлантуунун көлөмү жана инвестициянын көлөмү боюнча Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин билдирди.

Жээнбеков Россияда жашап иштеген кыргызстандыктарга кайрылды
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында 200дөн ашуун иш-чара өткөрүлөрүн белгиледи.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташуунун деңгээли жогорулаганын айтып, алака мындан ары да бекемделе берерине токтолду.

Белгилей кетсек, Жээнбековдун Москва шаарына болгон иш сапары 27-февралда башталган. Анын алкагында бир катар иш-чаралар пландалганы маалым. Эң негизгиси болуп Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы саналат.