Марттын аягына чейин Ош шаарында эки бала бакча колдонууга берилет

Салынып жаткан бала бакчанын бири 100 орундуу, экинчиси 120 орундуу экени айтылды. Курулуш иштери менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев таанышып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев.—Sputnik. Марттын аягына чейин Ош шаарында эки бала бакча колдонууга берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, жаңы курулуш менен калаа мэри Таалайбек Сарыбашев таанышып, бакчаны салып жаткандарга кайрылган.

"Учурда Ош шаарында үч бала бакча курулуп жатат. Анын ичинен Амир-Тимур жана Түштүк-Чыгыш кичи райондорунда жайгашкан бала бакчалар март айынын аягына чейин шаардыктарга колдонууга берилет. Ар бир куруучу аткарып жаткан ишин өз үйүнө кылган эмгек деп билиши шарт", — деген мэр.

Амир-Тимур кичи районунда салынып жаткан бакча 100 орундуу, ал эми Түштүк-Чыгыш кичи районундагы бакча 120 орундуу экени айтылды.