БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кытайга иш сапар менен барып келген Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга карантинге алынды. Бул тууралуу маалыматты президенттик администрациянын басма сөз кызматы тастыктаганын РИА Новости жазды.
Баттулга Кытайга 27-февраль күнү барып, сапарынын алкагында өлкө жетекчиси Си Цзиньпин жана Мамлекеттик кеңештин төрагасы Ли Кацэн менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
"Ооба, президент жана аны коштоп барган монголиялык делегациянын курамына киргендердин баары 14 күндүк карантинге алынды", — деди администрациядан.
Жолугушуу учурунда Баттулга Кытай коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүдө ийгиликтерге жетерин айтып, КЭР төрагасы Си Цзиньпинге монгол элинен белекке 30 миң кой берүү тууралуу сертификат тапшырган.