Аргасыз жылмайтат. Коёндордун кош аяктап тура калып урушкан видеосу

Катон – Карагай улуттук паркындагы Алтай токой чарбасындагы фото капканга кардын үстүнө кош аяктап туруп алып эки коёндун урушуп жаткан видеосу тарады.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Видео YouTube каналына жарыяланган.

Жарык тийип жалтылдап турган карда эки коён тура калып, алдыңкы эки колу менен чапчышып, бири-бирине кадимкидей сес көрсөткөн. Сырттан карап турган адамдын күлкүсүн келтирген көрүнүш күүгүм кирип, каш карайганда болгон.

Бул тууралуу Токой чарба жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин маалымат катчысы Сакен Дилдахмет Facebook баракчасына кабарлаган.

Ал тамаша иретинде пост жазып, коёндордун урушун чыгыштагы эки титандын кармашы деп жылмайткан.