Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Эки элдин достугу кубаныч, түйшүк, эмгек жана жаңы жетишкендиктер менен коштолот эмеспи. Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылынын ачылышы биринчи аныктамасына туура келет. Бул күнү Кремлдин чоң залында алдыдагы 200дөй иш-чарага жол ачкан ири салтанат болду.
Sputnik

Ак калпак менен элечекчен эл Кремлди көздөй салтанаттуу иш-чара башталарына бир нече саат калганда эле агыла баштады. Албетте, бул нерсе жайбаракат жүрүп, шашылбай келген жашоо образыбызга көнгөн мен үчүн күтүүсүз болду.

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Коноктордун арасында Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, космонавт Салижан Шарипов, россиялык актриса Анна Большова, кыргызстандык ишкер жана меценат Аскар Салымбеков сыяктуу атактуулар болду. Алар журналисттер менен алдыдагы иш-чара боюнча ой бөлүшүп жатты.

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Көптөн күтүлгөн гала-концертке бир нече саат калганда Владимир Путин Кремлден Сооронбай Жээнбековду тосуп алды. Пикир алышуу учурунда Путин эки өлкөнүн мамилесиндеги жетишкендиктерди баса белгилеп, Россия Кыргызстандын эң жакын өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Жээнбеков анын сөзүн колдоп, Путиндин Кыргызстанга сапары бир топ иштердин башталышына түрткү болгонун айта кетти.

Алты миңдей киши катышкан (баса иш-чарага катышкысы келгендердин саны мындан алда канча көп болду) ачылыш аземинде Владимир Путин бул кызматташтыктын артыкчылыктуу жактарын айта кетти. Тагыраагы, тоо-кен, транспорт жана жаңы технологиялар тармагындагы биргелешкен бир катар долбоорлор тууралуу сөз болду.

Ушул эле учурда Россия энергоресурстардын негизги жеткирүүчүсү экени белгилүү. Ал эми Россиянын ЖОЖдорунда кыргызстандык студенттер мыкты даярдоолордон өтүп жатат.

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Жээнбеков өз кезегинде Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылдан бери эки элдин маданий, руханий жана боордоштук мамилеси мурунку калыбында бекем бойдон калганын айтып өттү. Россия Кыргызстандын эң жакын жана ишенимдүү, ошондой эле узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшү бойдон кала берет.

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Быйыл аяктаганынын 75 жылдыгы белгилене турган адамзаттын тарыхындагы эң чоң апаат Улуу Ата Мекендик согуштун маани-маңызын кийинки урпактарга жеткирүү боюнча да сөз айтылды. РФ лидери Россия менен Кыргызстандын жалпы тарыхты, ата-бабаларыбыздын эрдигин унутпоо үчүн жасаган эмгеги өтө маанилүү экенине токтолуп, Жээнбековду жана КР делегациясын 9-майда Москвада өтө турган салтанаттуу иш-чарага чакырды. Ошондой эле кыргызстандык аскерлер бир катар өлкөлөр менен биргеликте Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадына катышарына ишеним артты.

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Кыргызстандын башчысы да кесиптешин кубаттап, согуш, жоокерлердин эрдиги тууралуу чындыкты кийинки муунга өткөрүп берүү ыйык милдет экенин белгиледи. Аны менен бирге чындыкты коргоп калууда Россиянын эбегейсиз эмгегин баалап өттү.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин гала-концерт башталып, Кремлде Манас жаңырды. Россиялыктар андан бир нерсе түшүндү деп айтуу оор, бирок манасчынын айланасындагы кыргыз жоокерлери, жаркыраган сахна көңүлдү жаркытып турду.

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Айтылып жаткан манас акырындап бийге өтүп, көрөрмандарга кырк чоронун эрдиги көрсөтүлдү. Дал ошол маалда россиялык оператор (москвалык тургун) мага "кыргыз балети шумдук турбайбы" деп жазып жибериптир. Операбызды уга элек экенсиң дедим ичимден.

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Андан соң орус элдик мелодия комуз менен жаңырды! Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу менен балалайка черткен Александр Николайчук чеберчилик жаатында ат салышты. Алар эки элдин музыкасын жаңыртышты. Ал эми көрүүчүлөр бири-бирин түрткүлөп, жанталаша уюлдук аппараттарына тартып жатышты.

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Опера ырчысы Анна Аглатованын кыргызча обон созуп жибергени элди таң калтырбай койгон жок. Кыргызстандык кесиптеши Заира Раимбекова экөө "Көл вальсын" аткарышты. Маалыматтарга караганда, россиялык артисттер кыргызча акценти жок ырдаш үчүн абдан көп күн даярданышкан (чын эле акцент анча байкалган жок).

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Кечеге булардан башка 12 жаштагы Мырзайым Токтосунова менен анын курдашы Алексей Омельчук дагы келди. Алар "Лебединое озеро" менен "Карменди" ксилофондо ойношту.

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Чынын айтканда, журналисттердин баары президенттер көп болсо эки номер көрүп, андан кийин мамлекеттик маселелерди чечүүгө кетет деп ойлошкон эле. Бирок баарыбызды таң калтырып, эки ажо тең концертти аягына чейин отуруп көрүштү да, соңунда кайра сахнага чыгышты.

Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж

Концерт эбак бүтсө да эл көпкө чейин тарабай койду. Бири-бири менен сүрөткө түшүп, кучакташып, сүйлөшүп черлери жазылды. Баары ар кайсы шаарларга кетишет эмеспи, эми качан минтип маңдайы жаркып жолугушат эле?