Жээнбеков Медведев менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду

КР президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында бир нече жолугушууларды өткөрдү. Эки күндүк сапар 28-февраль күнү аяктайт.
Sputnik

МОСКВА, 27-фев. — Sputnik. КР президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эмне тууралуу сүйлөшкөнү маалым болду.

Жолугушууда тараптар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Анын ичинде аймактык коопсуздук, экстремизм жана терроризмге каршы туруу маселелерин козгошту.

Жээнбеков белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Видео
Жээнбеков Кыргызстан коркунучтарга Россия тараптын колдоосу менен бирге каршы турарын белгилеген. Ошондой эле ал Медведевге биргелешкен кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган демилгени колдогонуна ыраазычылыгын билдирди.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эки өлкөнүн алакасынын бийик деңгээлин баса белгиледи. Ал кыргыз-орус мамилесин бекемдөөгө салымын кошууга даяр экендигин кошумчалады.