Сауд Аравия кичи ажылыкка зыяратты токтотту

Коронавирустун жаңы түрү жайылган өлкөлөрдүн жарандарына да аталган мамлекетке кирүүгө убактылуу тыюу салынган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев.—Sputnik. Сауд Аравиянын бийлиги умрага (кичи ажылыкка) зыяратты убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Мындан сырткары, коронавирустун жаңы түрү жайылган өлкөлөрдүн жарандарына да аталган мамлекетке кирүүгө убактылуу тыюу салынганы кошумчаланды.

Коронавирус тууралуу

Кувейт коронавирустан улам КРде өтчү хоккей чемпионатына келбей калды
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экенин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстан Кытай менен менен чектешкен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Республика боюнча коронавируска кабылгандар жок.

Соңку маалыматтарга караганда, дүйнө боюнча вирустан 2 715 киши көз жумуп, жуктургандардын саны 81 миңден ашты. Ошол эле учурда 29 миңден ашуун адам айыкканы белгилүү болду.