БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча республикалык штаб билдирүү таратып, кыргызстандыктарды эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттө өткөн кезектеги жыйында белгилүү болду.
27-февралга карата берилген маалымат боюнча, ушу тапта Кыргызстанда коронавирус катталган учур жок. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттардын баары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
"Мамлекеттик органдар мониторинг жүргүзүп, дүйнө жүзүндөгү абалга көз салып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен тыгыз байланышта иштеп жатат. Январдын аягынан тарта эпидемиологиялык абал курчуп турган мамлекеттерден келген жарандардын баары тыкыр текшерүүдөн өтүп, карантинге алынып, ошондон кийин гана өлкө аймагына киргизилүүдө. Бүгүнкү күндө Япония, Түштүк Корея, Иран, Кытай жана Италиядан келгендер карантинде. Тизме вирустун жайылышына жараша уланышы мүмкүн. Кыргызстандыктарды колдон келишинче эл көп чогулган жерден алыс болууга, жеке гигиена эрежелерин дыкат сактоого, балдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Жыйындын соңунда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине дары-дармекке жана негизги азык-түлүктүн баасына көзөмөлдү улантуу тапшырылды. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын арасында коронавирус жана жеке гигиена эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө милдеттендирилди.
Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери