Элеттик жаратман менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек куруп, тоолуу аймакта кантип киреше табуу керектигин сөз кылды.
— Өз алдыңызча эле туризм менен алектене баштоо оор эле болсо керек?
— Учурда Жыргалаң айылы лыжа базасы жок эле чет элдиктерди кабыл алып жатат. Ушундай шартта иштөө мүмкүн бекен?
— Жакшы экен. Сиздер үчүн быйылкы кышкы мезгил кирешелүү эле болдубу, эс алуучулардын көпчүлүгү кайсы мамлекеттерден келди?
— Кудайга шүгүр, жакшы эле болду. Freeride менен машыккандар негизи жаңы бийиктиктерди, аймактарды багындыргысы келет. Биз негизинен Германия, Голландиядан келгендер менен иштешебиз, быйыл башка мамлекеттерден да келишти. Анын үстүнө бизде кар калың түшөт эмеспи, тоолорубуз да кенен, ошондуктан кызыккандар көп. Мисалы, Каракол шаарынан Түп айылына чейин 100 чакырымдык тоо кыркалары пайдаланылбай жатат. Ал тоолор деңиз деңгээлинен 3500-4000 метр бийиктикте, кышкысын да абанын температурасы аябай төмөндөп кетпейт. Так ошондой жерлер freeride менен машыккандар үчүн аябай ыңгайлуу. Себеби көчкү түшпөгөн аймактагы чукул бурулуштардан, кооз кокту-колоттордон спортчулар адреналин алат. Ошондуктан биздин тоолор чет элдиктерге майдай эле жагат. Кыргызстандыктар болсо экологияга зыянын тийгизбей, тоодогу кардан эле акча таба алышат.
— Анда биздеги ак кар баскан тоолор колдонулбай эле жаткан турбайбы?
— Кыргызстанда бир жылда он ай бою лыжа тээп, июль жана август айында эле эс ала аласың. Бизге табият ошондой шарт түзүп берип койгон. Бекеринен ак мөңгүлүү Ала-Тоо деп айтпайт да. Мен тоого көп чыгып жүрөм, кар болбой калган учурду көрө элекмин. Деңиз деңгээлинен 3500-4000 метр бийиктиктен жогору аймакта кар такыр эрибейт. Азыркы маалда кыргызстандыктар кышкы туризмдин 5-10 пайыз мүмкүнчүлүгүн эле колдонуп жатат. Жер-жерлерде аракеттер көрүлүүдө, бирок ири долбоорлор жок, мамлекет билек түрө кирише элек. Биз тоодо жаткан кардан эле миллиондогон доллар таба алабыз.
— Коңшу мамлекеттерге дагы чыгып иштеп калат экенсиз. Кышкы туризм жаатында Казакстан менен Өзбекстанда абал кандай?
— Жалпылап айтканда коңшу эки мамлекетке салыштырмалуу биз алдыдабыз. Жакында эле Казакстанда болдум. Алар Европадан кымбат, заманбап жакшы шаймандарды алып келип жатышат. Өзбекстанда инвесторлор ири суммадагы акчага тоо лыжа базасын салышты. Ага карабай биздин тоолорубуз лыжачылар үчүн эң мыкты деп саналат. Эс алчу киши лыжа тебем деп 100 чакырым жолду жөө баспайт. Биз болсо тоонун этегинде эле жашайбыз. Кошуна эки мамлекетте табигый шарт анча жок, бирок аракеттер бар. Ал эми бизде, тескерисинче, укмуштуу кокту-колоттор, жаратылыш берген кар бар, бирок акча салбай жатабыз.
— Кесипкөй адис катары айтсаңыз, биздеги кышкы туризмди өнүктүрүп, андан жакшы киреше табуу үчүн бизге эмнелер жетишпей жатат?
— Түшүнүктүү. Алдыңызда кандай пландар бар?
— Мен быйыл 12-апрелге чейин эс алуучуларды тосом. Себеби ошол мезгилге чейин график толуп калды. Жылына жалпы 200-300дөй эс алуучуну кабыл алабыз, кол алдымда 20 адам иштейт. Андан сырткары, туристтерди мейманканага алып барабыз, кошумча котормочу, гид, айдоочуларды жалдайбыз. Бут басып жүргөндө иштей бериш керек. Эч кимге карыз эмеспиз, эч кимди кыйнабайбыз. Буюрса жаратылыш койнунда эмгектене беребиз.