ЖКда ант берип жаткан судья Конституцияга колун койгонду унутуп калды. Видео

Конституциялык палатанын судьялыгына шайланган Латип Жумабаев парламентте ант берип жатып колун Конституцияга койгонду унутуп калды.
Sputnik

Мындай мүчүлүштүктү байкаган депутаттар бери жакта туруп "Конституцияга колуңузду коюңуз" деп кыйкырды. Мындан улам ал кечирим сурап колун Конституцияга коюп, антын кайра башынан окуду.

Бүгүн Жогорку Кеңешттин депутаттары  Конституциялык палатанын судьялыгына Латип Жумабаев, Макамбет Касымалиев жана Мээргүл Бобукееванышайлап, андан соң алар ант беришти.

Аталган талапкерлерди парламентке президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.