Мамкаттоо биометрикалык паспортторду даярдоо үчүн тендер жарыялады

Биометрикалык жалпы жарандык паспорттор көзөмөл өткөрүү бекеттеринде текшерүүнү тездетет. Конкурска түшкөн арыздар 2020-жылдын 19-мартында саат 17:00дө ачылат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бүгүн, 26-февралда, Мамлекеттик сатып алуулар порталына Кыргызстандын жарандары үчүн электрондук паспорттордун бланкаларын (биометрикалык, жалпы жарандык, дипломатиялык жана кызматтык паспорт) даярдоо жана жеткирүү үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга онлайн түрүндө паспорт берүү пландалууда
Сатып алуу жана конкурстук документтештирүү процедуралары ведомстволор аралык комиссия тарабынан жактырылды. Конкурска түшкөн арыздар 2020-жылдын 19-мартында саат 17:00дө ачылат.

Белгилей кетсек, жаңы муундагы улуттук паспортторду кийирүү иштери 2017-жылы башталган. Тагыраагы, 1-майда эл аралык стандарттагы eID-карталары колдонууга берилген.

Экинчи этапта эл аралык жарандык авиациянын (ИКАО) стандарттары боюнча электрондук жалпы жарандык (ePassport) паспортторду кийирүү пландалууда.

"Жаңы документтин азыркыдан айырмасы — паспортко чип орнотулган. Ошондой эле жарандын санариптик сүрөтү жана манжаларынын изи сыяктуу маалыматтар камтылган", — дешти Мамкаттоодон.

Мындан сырткары, чет өлкөгө тез-тез каттаган адамдар үчүн виза баракчалары 50 бетке чейин көбөйтүлдү. Башка учурда 34 барак. Биометрикалык жалпы жарандык паспорттор көзөмөл өткөрүү бекеттеринде текшерүүнү тездетет.