Экономика министринин орун басары алмашты. Жаңы кызматкер тууралуу эмне белгилүү

Алиев буга чейин министрликте 17 жыл эмгектенип, катардагы адистен бөлүм башчылыкка чейин жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстанда экономика министринин орун басары алмашты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти. Мурдагы орун басар Дастан Кадыров башка кызматка которулганына байланыштуу, анын ордуна Бекболот Алиев дайындалды.

Ал буга чейин министрликте 17 жыл эмгектенип, катардагы адистен бөлүм башчылыкка чейин жеткен. Ал эми 2016-жылдан бери Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда төраганын орун басары кызматын аркалап келген.

Алиев 2007-2008-жылдары Финансы министрлигинин стратегиялык планын иштеп чыгуу жана мамлекеттик каржыны башкаруу системасын реформалоо боюнча кызматтык топту башкарган.