Шаардын чет жагындагы райондордун биринде, каралбай калган имараттын алдында жапжашыл вагон турат. Дал ошол вагон Аскаттын үйү. Ал жерде Аскат Букарбаев ата-энеси жана карындашы менен турат. Вагон эки бөлмөлүү, ичи таза жана жылуу экен.
Биз барган маалда үйдөгүлөр жумушка кетиптир.
— Кире бериңиздер! — деди керебетте отурган Аскат.
Телевизордогу жаңылыктарга үңүлгөн жигит бала кезинен гемофилия дарты менен жабыркарын айтып отурду.
"Гемофилия менен төрөлгөндөн баштап эле ооруйм. Илдет тукум кууйт экен, анан эч качан айыкпайт. Өмүр бою дарыланууга мажбурмун. Буга чейин таяк менен басчумун. Жакында эле эки бутум тең кыймылдабай калды. Ветеринария багытында билим алып жаткам, сабакка да бара албай, көчөгө чыга албай үйдө отуруп калдым", — деди Аскат.
Дарыгерлер Букарбаевге бутуна операция жасоо керек экендигин буга чейин эле айтышкан. Бирок каражаттын жоктугунан ал чыгынбай жүргөнүн билдирди.
"Өзүңөр көргөндөй ушундай вагонду үй кылып алганбыз, турмуш-шарттын айынан. Кезинде Арча-Бешикте үйүбүз бар болчу. Бирок менин дартыман улам каражат керек болуп ал үйдү сатууга туура келди. Ата-энем жөнөкөй эле кызматтарда иштейт. Апам санитар, атам электрик. Айлыктары азык-түлүк, дары-дармектен ашпайт. Айласыздан операцияга акча керек болуп, элге кайрылууга туура келди", — деп үшкүрүндү Аскат.
Баса, Аскат үйдө көп отуруп калгандыктан, ата-энеси жумуштан келгиче тамактын түрүн жасап коёт экен. Бешбармак эле эмес чыгыш ашканасынын тамактарын, кондитер азыктарынан бери жасай аларын да кошумчалады.