Бишкекте дүкөн тоногону кирген куралчан бала кароолчуну көрүп качып кетти. Сүрөт

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык кылмыш иши козголду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкекте супермаркетке тоноо үчүн курал көтөрүп кирген бала күзөтчүнү көрүп качып чыкты. Бул тууралуу Кайгуул милициясы башкармалыгынан билдиришти. 

Бишкекте дүкөн тоногону кирген куралчан бала кароолчуну көрүп качып кетти. Сүрөт

26-февралга караган түнү Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишиндеги дүкөнгө куралчан адам тоноо максатында кирген. Бирок ал кароолчуну көрүп качып кеткен.

Он тогуз жаштагы шектүүнү Жибек Жолу проспекти менен Ала-Арча көчөсүнүн кесилишинен кармашты. Анын жанынан колго жасалган курал табылды. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык кылмыш иши козголду.