Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду. Сүрөт

Эстеликти скульптор Адил Сейталиев жасаган. Ал калаага апрель айынын ортосунда орнотулат. Айкелдин бийиктиги 3,5 метр.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкек баатырдын эстелиги даяр болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Бишкек баатыр" коомдук бирикмесинин төрайымы Жамиля Алымбекова билдирди.

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду. Сүрөт

Анын айтымында, эстелик колодон жасалган.

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду. Сүрөт

"2019-жылы мэрия тарабынан Бишкек баатырдын эстелигин жасоо боюнча сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон. Эстеликти жасоого жарым жылдай убакыт кетти. Тышкы көрүнүшү улам өзгөрүп жаткандыктан, алгач чоподон жасалган. Баарыбыз бир чечимге келгенден кийин колодон куюлуп, эми аяктады. Эстеликтин пайдубалы жасалып бүтсө, апрелдин ортосунда аны орнотобуз", — деди Алымбекова.

Ал белгилегендей, эстелик Маданият министрлиги менен сүрөтчүлөр галереясынын ортосуна, жолдун жээгине коюлат. Анын бийиктиги 3,5 метр, ал эми пайдубалынын бийиктиги 1,3 метр болмокчу.