Радио

Орозалиева: "Коопсуз төрөт" мобилдик тиркемеси интернетсиз иштейт

"Кыргыз акушерлеринин альянсы" уюмунун иш алып баруу боюнча жетекчиси Асел Орозалиева "Коопсуз төрөт" мобилдик тиркемеси кыргыз, орус тилдеринде иштей турганын айтты.
Sputnik
Орозалиева: "Коопсуз төрөт" мобилдик тиркемеси интернетсиз иштейт

Тиркемеде бир эле төрөт тууралуу эмес, жарыкка жаңы келген ымыркайга кам көрүү боюнча кеңири жазылган. Бул тууралуу Асел Орозалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Коопсуз төрөт" мобилдик тиркемеси окууну бүтүп келген жаш адистердин ишти алып кетүүсүнө чоң жардамчы болот.

"Safe Delivery "Коопсуз төрөт" мобилдик тиркемеси Дания мамлекетинин Эне фонду тарабынан түзүлгөн. Аталган тиркеме Кыргызстандан башка 46 мамлекетте колдонулуп келет. Коопсуз төрөт тиркемесинин эң артыкчылыктуу жагы чөнтөк телефонго жүктөп алып, интернетсиз эле колдонсо болот. Биздин өлкөгө GIZ долбоорунун колдоосу менен алынып келинип, кыргыз, орус тилдерине которулду. Анда чакан видеоматериалдар, керектүү дары-дармектердин тизмеси бар. Негизи тиркеме 11 модулдан турат. Аны окуп чыгып аягында алган маалымат боюнча тест тапшыруу керек болот. Ал тестти өтмөйүнчө кийинки модулга өтө албайт. Төрөт тууралуу мобилдик окуу куралы кесипкөй адистерге төрөт маалында кездешкен күтүүсүз жагдайлардан оңой чыгып кетүүгө жардамчы болот", — деди Орозалиева.

Ал тиркемедеги материалдар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарына туура келерин кошумчалады.