Кой-Таш окуясына күнөөлөнгөндөргө айып тагылды. Тизмеге киргендер

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев былтыр 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип, бир катар тарапташтары суракка чакырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бүгүн, 25-февралда, прокуратура тарабынан расмий түрдө Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинин фигуранттарына айып тагуу актылары тапшырылды. Бул туурасында мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Faсebook баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, бул Кой-Таш окуясына байланыштуу бийликтин акыркы расмий версиясы.

Жолдубаева айыпталуучуларды тизмектеп берген. Арасында өзү дагы бар.

  • Алмазбек Атамбаев;
  • Фарид Ниязов;
  • Равшан Жээнбеков (Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты);
  • Ирина Карамушкина;
  • Асель Кодуранова;
  • Кундуз Жолдубаева;
  • Канат Сагымбаев;
  • Мээрбек Мискенбаев;
  • Фархат Баабиев;
  • Канат Осмоналиев;
  • Рыспек Карыпбек уулу;
  • Марат Шаменов;
  • Нооруз Капарбек уулу;
  • Амангелди Какебаев.

Кайгырып жатат. Момбеков Атамбаевдин абалы тууралуу айтты
Жолдубаева тергөө менен кызматташкандар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн кошумчалады.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы азырынча бул маалыматты тастыктап же четке каккан жок. Бирок кийинчерээк комментарий берүүнү убадалашты.

Кой-Таш окуясы

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда Атамбаев сегиз эпизод менен шектелип, УКМКнын тергөө абагында. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.