Трамп коронавирус менен күрөшүү үчүн Конгресстен 2,5 млрд. доллар сурады

Кошумча каражатка жаңы типтеги вируска каршы вакцина иштеп чыгуу жана башка сактануу иштерине жумшоо пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Американын лидери Дональд Трамптын администрациясы коронавируска каршы күрөшүү үчүн АКШ конгрессинен кошумча дагы 2,5 миллиард доллар сурады. Бул тууралуу Ак үйдүн бюджет-административдик башкармалыгы билдиргенин РИА Новости жазды.

Бул каражат илдетке даба болчу вакцинаны иштеп чыгууну тездетүүгө, сактанууга даярдык көрүү иштерин колдоого жана керектүү жабдууларды сатып алууга жумшалмакчы.

Трамп АКШда коронавирус боюнча кырдаал көзөмөлдө экенин белгилеп өттү.

"АКШда коронавирус тыкыр көзөмөлгө алынган. Биз буга катыштыгы бар бардык өлкөлөр менен байланышта болуп жатабыз. Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (CDC) Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен иштешүүдө", — деп жазды Трамп Twitter баракчасына.

Кытайдын элчиси коронавирусту ооздуктай турчу вакцина боюнча маалымат берди
24-февралга карата алынган маалымат боюнча, АКШга келген 14 жарандан коронавирус табылган. Мындан сырткары, Японияда кармалган Diamond Princess круиздик лайнеринде 36 жана Уханда үч америкалык ооруну жуктурганы аныкталып карантинге алынган.

Коронавирустун жайылышынан кооптонуп соода токтогондон кийин Американын алдыңкы фонддорунун индекси үч пайызга түшүп кеткен. Деген менен Трамп биржанын көрсөткүчтөрү "абдан жакшы" деп сыпаттап жатат.

Соңку маалыматтарга караганда, дүйнө боюнча коронавирустан 2 663 киши көз жумуп, жуктургандардын саны 80 миңге чукулдады. Ошол эле учурда 27 миңден ашуун адамдын айыкканы белгилүү болду. Жаңы типтеги вирус Кытайдан тышкары Иран, Италия жана Түштүк Кореяда жайылып жатат.