Абылгазиев чуулуу "Унаа" ишканасын капыстан барып текшерди. Сүрөт

Өкмөт башчы мекемеге кирери менен узун кезекке тизилген жарандарды көрүп, алардын даттануусун уккан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Унаа" мамлекеттик ишканасына капыстан барып текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр мекемеге келгендер менен пикир алышып, сунуштарын жана даттанууларын уккан. Алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам узун кезек түзүлүп жатканын айтышкан.

"Чындыгында кезек күтүү көпкө созулууда. Бул маселени чечүү керек. Калкты тейлөө терезелерин көбөйтүү же башкармалыкты башка кеңири жерге көчүрүү абзел. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн банктык төлөм карталарын колдонуп, накталай эмес төлөм системасын орнотуу зарыл. Имарат ыңгайсыз жана тар. Жөнөкөй эле жарык берилген эмес, коридор караңгы. Азыр көптөр унчуккан жок, себеби бир нече саат кезек күтүп чарчашкан. Бирок мында коррупциялык көрүнүштөр көп экендигин билем. Жетекчилик муну чечүүгө тийиш. Болбосо башка адамдар келип иштейт", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан автоунааларга мамлекеттик номерлерди жасоо процесси менен таанышкан.

Натыйжада ал "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине кыдыруу учурунда көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүү менен калкты тейлөө системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду даярдоону тапшырды.

"Унаанын" тарыхы

Козубаевдин чуусунан кийин "Унаа" мекемесине жаңы директор дайындалды
2018-жылдын аягында Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору жана Унаа каражаттары менен айдоочулук курамды каттоо департаменти жоюлган. Анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Бул мекеме автоунааларды каттап, айдоочулук күбөлүк берет. Биринчи директор Марс Саккараев директор болуп төрт ай иштегенден кийин Аламүдүн районуна аким болуп кеткен. Анын ордуна 2019-жылдын июль айында Алымжан Козубаев келип, жети ай иштеди. Анын алешем иштерин Коопсуздук кеңеши аныктап чыккандан кийин ал кызматтан алынган. Ошондой эле ага карата сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Андан мурдараак Sputnik Кыргызстан агенттиги Козубаевдин кадр маселесинде шек жараткан коррупциялык иштери тууралуу материал даярдаган.

Өткөн жумада "Унаа" мекемесине Марат Пирназаров директор болуп дайындалган.