Азия чемпиону болгон Жолдошбеков көзү эмнеге көрбөй жатканын айтты

Жолдошбеков финалга чыккандан кийин саламаттыгынан улам баш тартууга туура келип, бирок кайра катышууга бел байлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Индиядагы Азия чемпионатынан эркин күрөш боюнча алтын медаль тагынган балбан Улукбек Жолдошбеков күрөш учурунда жаракат алып, Бишкекке көзү жакшы көрбөй келип түштү. Бул туурасында өзү "Манас" аэропортунда тосуп алгандарга ыраазылык билдирип жатып айтты. 

Ал иран балбаны менен күрөшүп жатканда көзүнөн жаракат алган. Финалга чыккандан кийин саламаттыгынан улам баш тартууга туура келип, бирок кайра катышууга бел байлаган.

"Иран балбаны менен күрөшүп жатканда көзүмө колун тыгып жиберип, көзүмдүн ичи айрылып кетти. Мелдештен чыгаралы деп, бирок агайлар бир айлампа күрөшүп көр дешти. Индус атаандаш менен кармашып, финалга чыктым. Ага да катыштырбай коелу дешти, бирок врачыбыз Бактыгүл Насыровна дары таап тамызып, бир аз жакшы болуп калып, финалда утуп алдым. Ушул беттеш мен үчүн абдан оор болду. Азыр ким, канча киши келди жакшы көрбөй жатам", — деди ал.

Көз жабыркаса чемпионат бир тыйын экен! Улукбектин видеосу
Жолдошбеков учурда аны тосуп алгандарга, кубанычын бөлүшкөн элге, ата-энесине, үй-бүлөсүнө ыраазылык билдирди.

Ал эми журналисттер андан мамлекеттен эмне күтө тургандыгын сураганда "баарынан көңүл" маанилүү экендигин айтты.

Эске салсак, Жолдошбеков Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча финалда тажикстандык Мухамад Икромов менен беттешип алтын медаль уткан.