Кыргызстанда салык декларациясы түнгө чейин кабыл алына баштады

Декларацияны иш учурунда тапшырууга жетишпей калгандар саат 18.00дөн түнкү саат 00.00гө чейин салык органдарына кайрылса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев.—Sputnik. Салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын бүгүнтөн тарта түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, салык органдарында иштегендер 1-мартка чейин дем алыш күндөрү да декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат.

"Декларацияны иш учурунда тапшырууга жетишпей калгандар саат 18.00дөн түнкү саат 00.00гө чейин салык органдарына кайрылса болот. Ал эми дем алыш күндөрү саат 09.00дөн 00.00гө чейин тапшырууга мүмкүнчүлүк бар", — деп жазылат маалыматта.

"Түндүк" мамлекеттик порталы кандай кызмат көрсөтөт? 4 суроого жооп
Эске салсак, 1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын атамекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле Кыргызстанда иш алып барган четөлкөлүк уюмдар берүүгө тийиш.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.