Радио

Кангелдиева: мындан ары көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаты бала бакча болот

"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын Шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Замира Кангелдиева борбордогу эски жеке менчик үйлөр сүрдүрүлбөй турганын айтты.
Sputnik
Кангелдиева: мындан ары көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаты бала бакча болот

Бишкек шаарын деталдуу пландоо долбооруна ылайык, көп кабаттуу үйлөр курулса биринчи кабаты бала бакча болот. Бул тууралуу Замира Кангелдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылы Бишкек шаардык кеңешинин борбор калаанын чок ортосун деталдуу пландаштырып чыгуу боюнча токтому кабыл алынган. Анын негизинде калаа бийлиги 2019-жылы бул долбоорду түзүп чыккан.

"Деталдуу пландоо долбоорунун негизинде бир дагы көп кабаттуу, эски үйлөр сүрдүрүлбөйт. Шаар тургундары бул боюнча кооптонбой эле коюшса болот. Анткени долбоорду ишке ашырууда квартал же кичи районго курулуш долбоору иштелип чыгат. Ал шаар курулушу боюнча кеңешке киргизилет. Андан соң ошол аймактын тургундары менен сөзсүз түрдө макулдашылат. Бул иштерден кийин гана куруу долбоору мэриянын токтому менен бекитилет. Деталдуу пландоо долбооруна негизинен функционалдуу аймактар киргизилген. Башкача айтканда, бийик кабаттуу үйлөр, өндүрүш аймактары, сейил бактар кайсы жерде жайгашканы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында бала бакчалардын курулушу каралууда. Буга санитардык норма мүмкүнчүлүк берет. Чет мамлекеттерде бул тажрыйба колдонулуп келет. Биз курулуш компанияларына ушундай талап коебуз. Учурда шаардын аймагындагы курулуштар инвесторлор аркылуу жүргүзүлүүдө. Ошол эле курулуш компания же бир нечеси биригип, калаанын бир кварталынын долбоорун иштеп чыкса жакшы болот", — деди Кангелдиева.

Ошондой эле ал деталдуу пландоо долбоору Жибек Жолу, Ахунбаев, Курманжан датка, Шабдан баатыр, Фучик жана Садырбаев көчөлөрүнүн ортосундагы аймакты камтый турганын кошумчалады.