Ошто ынтымак беттеши өтүп, Таластын улакчылары баш байгени утуп алды

Оюндар 22-23-февраль күндөрү Ош шаарындагы Төлөйкөн ипподромунда өттү. Биринчи орундун ээлери 300 миң сом менен сыйланды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Көк бөрү боюнча Ош жана Талас облусунун ынтымак беттеши өтүп, Талас районунун улакчылары баш байгеге ээ болду.

Оюндар 22-23-февраль күндөрү Ош шаарындагы Төлөйкөн ипподромунда өттү.

Эреже боюнча эки облустун төрт районунан сегиз команда түзүлүп, күч сынашкан. Натыйжада Оштун командалары финалга чыга алган жок. Ал эми Таластын Манас району төртүнчү, Бакай-Ата үчүнчү орунду ээледи. Талас району Кара-Бууранын командасын 1:0 эсеби менен жеңип, биринчи орунду алды.

Оюндардын байге фонду бир миллион сомду түзүп, баш байгени уткандарга 300 миң сом ыйгарылды.

Белгилей кетсек, ушундай эле ынтымак оюну былтыр 23-24-ноябрь күндөрү Таласта өткөн. Андан мурдараак Талас менен Чүй облусунун райондорунун ортосунда болгон.