Козубаевдин чуусунан кийин "Унаа" мекемесине жаңы директор дайындалды

Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары болуп беш жарым жыл иштеген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасына директор болуп Марат Пирназаров дайындалды. Буз тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жеке булактар билдирди.

"Унаанын" директору бир кызматты 2000 долларга сатканбы? Чуунун чоо-жайы видеодо
Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрага орун басары болуп беш жарым жыл иштеген. 2017-жылдын ноябрь айында ошондогу премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

Мурдагы директор Алымжан Козубаевдин алешем иштерин Коопсуздук кеңеши аныктап чыккандан кийин ал жумуштан бошотулган. Ошондой эле ага карата сотко чейинки өндүрүш ачылган.