БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Коронавирустун инкубациялык мөөнөтү мурда айтылгандай 14 же 24 күнгө эмес 27 күнгө созулушу мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" агенттиги People's Daily басылмасына шилтеме берип жазды.
Ага ылайык, Кытайдын Хубэй провинциясынын Шэньнунцзя районунун тургуну 24-январда ошол эле провинциянын Эчжоу шаарынан келген. Ал эми 19-февралда дене табы көтөрүлүп, алсырай баштаган. Кийинки күнү ал вирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон. Ал эми бейтаптын карындашы илдет менен 2-февралдан тарта эле ооруп баштаганы аныкталган.
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.
Акыркы маалыматтар боюнча, 76 миңден ашык киши COVID-19 коронавирусуна кабылды. Ал эми сакайып кеткендердин саны — 20 659, көз жумгандар — 2 345.