Трамп Болливуд тасмасындагы башкы ролду "аткарган" видеосун жарыялады

Пост АКШ президентинин Индияга жакын боло турган иш-сапарына арналган. Роликтин аягынан "АКШ менен Индия биримдикте" деген  сөздү окууга болот.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Дональд Трамп Болливуддун "Бахубали: уламыштын жаралышы" деп аталган тасмадагы каармандын башына өзүнүн башын коюп койгон видеону Тwitter баракчасына бөлүштү.

​Кадрдан Трамптын түмөндөгөн жоо менен салгылашып, атчан жоокердик өнөрлөрдү көрсөтүп, акырында чаап келе жатып, жердеги жоогазындарды үзүп алганын көрүүгө болот. Алардын арасындагы кадрлардан АКШнын биринчи айымы Мелания Трампты да кезиктире аласыз.

Пост АКШ президентинин Индияга жакында боло турган иш-сапарына арналган.

"Индиядагы жакын досторум менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам", — деп жазды ал комментарийге.

Роликтин аягынан "АКШ менен Индия биримдикте" деген  сөздү окууга болот.