Бишкекте 24-февралда электр кубаты өчүрүлө турган жерлердин тизмеси

Адистер оңдоп-түзөө жана башка иштерди жүргүзөт. Электр шаар четиндеги конуштарда жана Бишкектин борборундагы райондордо өчүрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 24-февралда, борбор калаанын бир катар райондорунда электр кубаты өчүрүлөрүн "Түштүк электр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Адистерден турган бригада үйлөрдүн ичиндеги жана электр кубатын берүүнү жөндөгөн тетиктерди оңдоп-түзөйт. Андан сырткары, көмөк чордондордун иштешин көзөмөлгө алат.

  • 9:00 - 17:00 — Асанбай кичи районундагы Нуркамал көчөсү жана Ибраимов көчөсүндөгү №108А имаратында;
  • 9:00 - 18:00 — Арча-Бешик (Термечиков, Актан, Масыралиев, Торгой, Арча-1, Матисаков көчөлөрү), Ынтымак (Курултай, Адигине, Жетиген) конуштарында, андан сырткары, Кара-Кум, Нарвская, Профсоюз, Бородин жана Ильмень көчөлөрүндө;
  • 9:30 - 17:00 — Садырбаев, Абдрахманов көчөлөрүнүн бир нече жерлеринде жана Экономикалык эркин аймактын кээ бир жерлеринде;
  • 9:30 - 18:00 — Брест, Владимировск, Волкова жана 9-январь көчөлөрүндө;
  • 10:00 -14:00 — Тимур Фрунзе, Гагарин, Осмонов, Лущихин, Каховск, Кривоносов, Тойгомбаев жана Адышев көчөлөрүнүн кээ бир жерлеринде;
  • 13:00 - 17:00 — Учкун конушунда өчүрүлөт.