БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет келерки аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Билдирүүгө караганда, апта ичинде аба ырайы туруксуз болот. Айрым аймактарда абанын температурасы 20 градуска чейин жетсе, кээ бир жерде кар жаайт.
23-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бирок 23-февралда күндүз жана 24-февралда жаан-чачын болбойт. Көпчүлүк аймактарда абанын температурасы жогорулашы ыктымал.
24-25-февралда күндүн көзү кайра бузулуп, айрым аймактарда жаан, кар жаашы божомолдонууда.
26-27-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 24-25-февралдарда жана 27-февралда 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.