Мен ушинтет белем?.. Стамбулдан Анкарага келип Ошко китеп салган студент

"Ак жарыктын" бул чыгарылышында жөнөкөй адамгерчилиги менен өмүр бою эсте калган араб студенти тууралуу болмокчу.
Sputnik

Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул жолу чет жактан күткөн достун ак жарыгы тууралуу баяндамакчыбыз.

Эне менен балдарды бириктирген тигүү машинасы. Айзатка тийген ак жарык
...2015-жылы "Тurkiye Burslari" (Түркия стипендиялары) программасы аркылуу Анкара шаарындагы Анкара мамлекеттик университетине журналистика багыты боюнча магистратурага өтүп калдым. Эл катары дегдебесем да, кызыгуум артып тапшырган окуума жөнөп кеттим. Ал жакта мен сыяктуу түрк тилин билбегендерди чогултуп окутуу үчүн атайын бир жылдык тил курсу бар экен. Бул даярдык курсунда жаш курагына, окуган факультетине карабастан, англис тилдүү, араб же орус тилдүү мамлекеттерден келди деп үч тайпага бөлүп окутуп баштады. Алгач өзүмө окшогон мурдагы СССР кирген өлкөлөрдөн барган жаштар менен окуй баштадым. Даярдык курсуна келип-кетип жүргөнүмө эки айга чукулдап баратса да өзүм Бишкектеги түрк тили курсунан үйрөнгөндөн артык үйрөнө албай койдум. Анан англис тилдүү группага которулмак болдум. Ал жакта орун калбай калгандыгына байланыштуу араб тилдүү үчүнчү тайпага киргизип коюшту. Коридордон көргөндө айбыгып карачу баягы сакалдуу, сүрдүү жигиттер эми менин группалаштарым болуп калды.

Биздин тайпа абдан кызык эле. Сегиз эркек, үч кыз. Анын алтоо араб улутунан болуп туруп бири-биринин тилин түшүнбөгөн, дүйнөнүн чар тарабындагы араб өлкөлөрүнөн келген студенттер болсо, эки жигитибиз Африкадан, бир кызыбыз франциялык, дагы бир кыз Польшадан келген болуп чыкты. Ар кимибиздин кесибибиз ар башка. Эң кичүүбүз 18 жаштагы мектепти жаңы бүткөн жигит болсо, эң улуубуз 35ке чыгып калган, докторлугун жактоо үчүн келген эле. Бул группага которулганы тил үйрөнүүм алдыга жыла баштады. Анткени араб тилин билгени орусчаны билбей, орусча билсек, англисчебиз жок болгон үчүн бири-бирибиз менен түркчө гана сүйлөшүүгө мажбур элек.

Жаман тамда калган жесир келин. Айылдаштардын ак жарыгы
Ошентип күндөн-күнгө бири-бирибиз менен жакындан таанышып тамашалашып, түштөнүүгө группабыз менен чогуу барып, улуттар аралык айырмачылык, окшоштуктарды кеп кылып, айтор, кызыктуу студенттик күндөрдө жашап жаттык. Даярдык курсу аяктап, каникулда көпчүлүгүбүз мекенибизге жөнөдүк. Эл катары мен да Бишкекке учуп келдим. Бул жактан ал аралыкта бир долбоор менен кызматташып жүрүп, Түркияда жатаканада калган үч китебим абдан керек болду. Эми аны кантип алдырмак элем деп коюп иштеп жүрө бердим. Интернет аркылуу каникулда үйлөрүнө тарап кеткен группалаштарым менен байма-бай сүйлөшүп турчумун. Ошондой күндөрдүн биринде докторлугун жактоо үчүн Сириядан келген группалашым жазып калды. Сөз арасында керек болуп жаткан китептеримди ала келбегениме өкүнүп жатканымды айттым. Жөн гана учурда жасап жаткан долбоор тууралуу түшүнүк берүү максатында айткан маалыматымды группалашым дароо жакын кабыл алды.

— Айти, мен сага эртең китептериңди берип жиберейин анда, — деди жай гана.

— Жок, убара болбо, рахмат, өзүм барганда алып кетем, — деп койдум. Анын бул сөзүнө терең деле маани берген жокмун.

Эки күндөн кийин группалашым кайра чалып, Анкарадан Стамбулга учуп келип, Бишкекке барчу түрк тилдүү адам таппай, Ошко учуп жаткан кыргызстандык эмес, башка улуттун өкүлүнөн китептеримди берип жибергенин айтып, Ош менен Бишкектин ортосу канча экенин сурады. Китептеримди берип жиберүү үчүн шаардын бир бурчунан экинчи четине жатаканага барып, ал жердеги тарбиячыларга түшүндүрүп, анан аэропортко келип билет алып, 450 чакырым, тактап айтканда, бир сааттан ашык учак менен учуп Стамбулга келип, Кыргызстанга кетчү киши издеп жүргөнүн элестетип, саамга дендароо боло түштүм. Менин оозума сөз келбей туруп калганымды көрүп "Ош менен Бишкек алыс беле, сага китептерди алганга ыңгайсыз болуп калабы" деп чебелектеп жиберди.

Телефондун камерасын өзүмө жакындатып рахматымды айтып кирдим.

"Апама барбайм!". Атасынын кайда экенин билбей түндөп издеп чыккан бала
Китептерим да колго тийди. Аны алып келип берген киши менен телефон аркылуу байланышып, ал Бишкекке салып жиберген эле. Ошондо Анкара менен Стамбулдун ортосу Ош менен Бишкектей экенин, мен өзүм бирөөгө китеп берип жиберүү үчүн борбор калаадан Ошко учат белем деген суроо келди. Болгондо да өз мекенинде эмес, чоочун жерде жүрүп мындай иш жасаган группалашыма ыраазычылыгым чексиз эле. Анын кайра Анкара шаарына автобус менен кеткенин, 10 сааттай жол жүрүп, эртеси жумушуна уктап калып кечигип барганын башка группалаштардан угуп абдан ыңгайсыз болсом да, адамгерчилигине, жөнөкөйлүгүнө жана китепке болгон сыйына суктанып келем.

Жашоодо башкаларга жарыгын чачкан адамдар көп болсо экен.