Жээнбеков Сергей Шойгуну "Достук" ордени менен сыйлады

Президент Россиянын Коргоо министрин эки өлкө ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн сыйлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу "Достук" ордени менен сыйланганын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жээнбеков Сергей Шойгуну "Достук" ордени менен сыйлады

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков Шойгуну эки өлкө ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн сыйланды.