Атырауда күрөөкана жетекчисин кардарлар барымтага алышты

Мүлкүн алууну каалагандар күрөөкана жетекчисин барымтага алууга батынышкан. Алар аны көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде кармап турушат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Казакстандын Атырау шаарында Home Avto Invest күрөөканасынын жетекчисин кардарлар барымтага алышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ломбарддар эми жаңы мыйзам менен иштемей болду
Билдирмеге ылайык, ишемби күнү, 22-февралда, кардарлар ломбарддын алдына чогулуп, ээсинен алардын күрөөгө коюлган акча, унаа жана кыймылсыз мүлктөрүн кайтарып берүүнү талап кылышкан.

Алар күрөөкана жетекчисин барымтага алууга батынып, учурда көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде кармап турушат. Кардарлар аны күрөөдө турган мүлкүн кайтарып бергенден кийин гана коё берерин айтышууда.

Полиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип жатат.