Батыш Россияны хакердик чабуулга айыптап жатат. Видео

Батыш менен анын шериктештери Россияга карата маалыматтык согушту баштады. Тагыраагы, Грузиянын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик сайттарына Москва тарабынан кибер чабуул болгонун жар салды.
Sputnik

Москва муну четке какты, бирок Тбилисинин таламын адаттагыдай эле Канада, Улуу Британия жана АКШ талашып чыкты.

Американын чалгынчысы Россия мамлекетке кандай коркунучтарды туудура тургандыгы боюнча докладын жасады. Бул ирет Россия эмнеге күнөөлөнүп жатканын жана ага Саакашвили менен Трамптын кандай тиешеси бар экендигин видеодон көрүңүз.