Россия санкциялардан капчыгын кампайтууда. Вашингтондун жаалы

Россияга каршы санкциялардын баары аны киргизген мамлекеттердин саясатчылары тарабынан кабыл алуусунун бир нече этабынан өттү. Дал ушул көрүнүштүн эволюциясын эксперт Иван Данилов баяндап берди.
Sputnik

Кабыл алуу эволюциясы адатта бир эле сценарий менен жүрөт: алгач опузалоо, коркутуп-үркүтүү, анан үмүт артуу, андан соң гана күткөн натыйжа эмнегедир ишке ашпай калганы айтылат. Ал эми санкция киргизген тарап Россия тарткан кыйынчылыктан оголе көп зыян көргөнүн айтып жатып калат. Бул дагы бери жагы экен.

Этаптын баарынан өткөн саясатчынын эталону болуп Франция президенти Эммануэль Макрон табылды. Коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясында ал дипломаттар менен аскерий адамдардын алдында сүйлөп жатып, өзү күбө болгон бир нече ачылышка токтолгон.

"Аягы көрүнбөгөн чырлуу иштер, ишенимден кетүү, киберкоопсуздук жаатындагы жаңжалдар, Россияны эч бир өзгөрүүгө алып келбеген санкциялар толуп кетти. Мен аларды жоюп салалы дегеним жок, болгону эсиңиздерге салып жатам. Биздин санкциялардын зыяны бизге, европалыктарга, Россияга тийгендей эле тийүүдө", — деди Макрон.

Франциялык дипломаттар эл башчынын сөзүн андан ары улап кетишти. Муну Россия менен коопсуздук жаатында кызматташуу маселеси боюнча Франция президентинин атайын өкүлү Пьер Вимондун сенаторлордун алдында сүйлөгөн сөзүнөн байкоого болот.

Венесуэлага санкция киргизген АКШнын көздөгөнү эмне? Эксперттин пикири
"Санкциялардын эки таасири болду, биринчиден, Европада соода азайды, бизге зыяны тийди. Ал эми Россия менен АКШнын ортосундагы соода, тескерисинче, өскөнүн байкоого болот. Экинчиден, биздин санкциялардын аркасы менен Россия айыл чарбасын жолго салып алды. Үчүнчүдөн, биз кайсы бир деңгээлде Кытайга ыктатып койдук. Кытай Россия үчүн жаңы технология жаатында артыкчылыктуу өнөктөш болуп калды", — деди дипломат.

Бирок Париждин жасаган ачылышы санкциянын жолу менен жүргөн вашингтондук атаандаштар үчүн буйрук-жарлык эмес. Буга Венесуэла нефтисин сатканы үчүн санкцияга кабылган "Роснефть" компаниясынын Швейцариядагы туунду ишканасы далил. Алгач санкция тууралуу кабар Москванын биржасын дүрбөлөңгө түшүрүп ийгени менен бир аз убакыттан кийин "Роснефттин" акцияларынын баасы кайра калыбына келди.

Үңүлө келгенде Вашингтон "Роснефть" компаниясынын өзүнө тикелей санкция киргизүүгө батынбаган сыяктуу. Антсе эле дүйнөлүк энергетика рыногу жабыр тарта турганы айкын, анын үстүнө акциялардын миноритардык пакетине британиялык British Petroleum менен Катардын көз карандысыз инвестициялык фондунун ээлик кылышы АКШ Мамдепартаментинин тизгинин тартып коюуда. Венесуэланын карызы үчүн нефтисин алган туунду компанияга киргизилген санкция — бул Венесуэланын нефть экспортуна тоскоолдук жаратып, андан "Роснефтини" оолактатуу аракети. Санкциянын кыйыр максаты катары Россия бийлигинин Каракас менен президенти Мадурого көрсөткөн колдоосу үчүн каршылык деп эсептелет. Мындай кадамдын натыйжалуулугунан керек болсо Вашингтондун кеменгерлигинен шектенбеши керек болгон тараптар да күмөн санап жатат.

"Путиндин Венесуэланы колдоосун токтотуу — оңой иш эмес", — дейт "Голос Америки" радиосу.

Рейтер агенттиги: "Эгер Москва Венесуэла нефтисин алууну уланта турган болсо, АКШнын бүгүнкү санкцияларын кыйгап өтүүнүн да жолун табат", — деп Signum Global Advisors консалтинг компаниясынын өкүлү Эндрю Бишоптун сөзүн келтирет.

"Голос Америки" радиосунун журналисттери дагы бир ачылыш жасашты: АКШнын Венесуэлага киргизген санкциясы канчалык катаал болсо, Россия америкалыктардын эсебинен ошончолук көп киреше көрүүдө. Анча ишеним жаратпаган мындай билдирүүнү бажы кызматынын маалыматы тастыктайт.

Трамп "Роснефтиге" киргизген санкциясын өнөктөштөрдү жүдөтүү үчүн колдонот
"АКШнын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, Мексика куймасынын жээгинде жайгашкан нефтини кайра иштетүүчү заводдор буга чейин Венесуэланын оор нефтисинен көз каранды болуп келсе, эми Каракаска санкция киргизилгенден бери Россиядан импортту үч эсеге көбөйттү", — деп жазылат маалыматта.

Андан тышкары, "Голос Америки" радиосу Венесуэла нефтисин дүйнөлүк рынокко алып чыга албаса да россиялык компанияларга дисконт (россиялык алуучулар андан кошумча киреше көрөт) менен сатып, андан түшкөн акча менен Россиядан алынган курал-жарактын акысынан кутулуп жатканын аныкташты. Башкача айтканда, Россиянын акчасы кайра өзүнө кайтарылып жатат. Мындай төңкөрүшкө Ак үй даяр эмес эле.

Түзүлгөн жагдайда Мамдепартаменттен "орустардын айласын табууну" талап кылышары турган иш. Ар ким колунан келгенин жасайт да. Анын үстүнө америкалык дипломатия конкреттүү, натыйжалуу, көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмүн эбак жоготкон. Санкция киргизип маселени чече турган кишиге сүйлөшүп убара болуунун эмне кереги бар. Чектөөлөр мындан ары деле киргизиле берет. Анан журналисттер менен эксперттер мамлекеттик басылма беттеринен санкциялардан улам АКШ канча зыян тартканын түшүндүрүп берет.

Деги эле мамилени жөнгө салуу жаатында Москва менен Париждин алакасы тууралуу сөз кылуу ыңгайлуу болуп турат. Европанын саясий элитасы менен мамиленин татаалдыгына карабай айрым өкүлдөрү жасаган аракеттеринин кесепети тууралуу ойлоно аларын көрсөтүп жатат.

Акыл-эстүү эксперттердин айтып-деген сунуштарына карабай Вашингтон санкциядан баш тартпайт сыяктуу. Натыйжасы белгилүү. Тажабай койду.