Кайгырып жатат. Момбеков Атамбаевдин абалы тууралуу айтты

21-февралда Жогорку Кеңештин алты депутаты экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалын сурап чыгышкан. Айтымдарында экс-президенттин ден соолугу жакшы эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 21-февралда, Жогорку Кеңештин алты депутаты экс-президенттин абалын сурап чыгышкан.

"Ал киши "абалым жакшы" дегени менен ден соолугу начар экени көрүнүп эле турду. Жолугушууда УКМКнын алдына чыккан тарапташтары үчүн сарсанаа болуп жатканын айтты. Ошондой эле анын абалына кабатыр болуп жаткан элге ыраазычылык билдирип коюуну өтүндү. Атамбаев тарапташтарына козголгон кылмыш иши аны катуу ойго салып, ушундай акыбалга жеткиргенин билдирди. Ал ден соолугуна колунан келишинче кам көрүүдө. Күндүз спортзалга барып жатам дейт. Кан басымы кечкисин төмөндөп жатыптыр. Жолугушууда партиянын ичиндеги иштер тууралуу да сүйлөшүүлөр болду", — деди Момбеков.

Атамбаев: кан басымым түшүп кеткендиктен дарыгерлерге кайрылдым
Депутат бийлик биринчи кезекте Атамбаевдин абалына камкордук көрүш керектигин, бир нерсе болсо жоопкерчилик алардын мойнунда болорун кошумчалады.

Буга чейин абактагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлагандыгы боюнча уулу Кадырбек Атамбаев Facebook баракчасына жазган.

Анткен менен УКМКнын маалымат кызматы Атамбаевдин акыбалы туруктуу экенин, мамлекеттик комитеттин дарыгерлери күнү-түнү анын абалын көзөмөлдөп жатканын маалымдаган.