Sputnik Кыргызстан агенттиги жаратылыш койнундагы жаныбарлардын мезгилдин ар кыл маалындагы фотокапканга түшүп калган сейрек сүрөттөрүн сунуштайт.
Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги Сары-Чат – Ээр-Таш мамлекеттик коругу 149 миң 117 гектардан ашык аймакты ээлейт жана аянты боюнча өлкөдөгү эң чоң коруктардын бири. Бийик тоолуу аймакты жоголуп бараткан жаныбарлар байырлайт, ал жакта аңчылык кылууга тыюу салынган. Жыл сайын аталган өрөөнгө ондогон чет элдик илимпоздор келип түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзүп кетишет.
Жаныбарлар Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan уюму орноткон фотокапкандарга тартылып калган.