Коррупциялык схема ачыкталды. УКМК салыкчылар менен Финполдун өкүлдөрүн кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Евразия экономикалык бирикмесине мүчө өлкөлөрдөн республикага мыйзамсыз товар киргизип турган туруктуу коррупциялык схеманын бетин ачты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) менен Салык мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Сөзсүз президент айтыш керекпи? Транспорт министрине иштен кетүү сунушталды
Ведомствонун маалыматына караганда, 20-февраль күнү Евразия экономикалык бирикмесине мүчө өлкөлөрдөн республикага мыйзамсыз товар киргизип турган туруктуу коррупциялык схеманын бети ачылган.

УКМКдан билдиришкендей, Финполдун аймактык бөлүмүнүн жетекчилеринин бири Б.У.Р. менен Салык кызматынын А.С.М. аттуу жооптуу кызматкери колго түштү. Алар 2019-жылдан бери товарларды Кыргызстанга тоскоолдуксуз киргизип бергени үчүн акча алып турушкан деп шектелүүдө.

Эки кызматкер тең УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.