18 440 адам сакайды. Коронавирус боюнча азыркы абал

Коронавирустун дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө кантип тарап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин интерактивдүү картасынан көрүңүздөр.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Акыркы маалыматтар боюнча, 76 497 киши COVID-19 коронавирусуна кабылды. Бул боюнча Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтында жазылды.

18 440 адам сакайды. Коронавирус боюнча азыркы абал

Ал эми сакайып кеткендердин саны — 18 440, көз жумгандар — 2 247.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери