БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Парламенттин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө, ал өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолот", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.
Белгилей кетсек, Конституциянын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкөнүн президенти Жогорку Кеңештин жыйындарына чыгып сүйлөөгө укуктуу.