ЖМК: Роналду сүйлөшкөн кызына 100 миң евро "айлык" төлөп турат

Футболчу менен моделдин ортосунда 2017-жылы төрөлгөн кызы бар. Мындан тышкары, Роналду карын энелер төрөп берген үч баланы тарбиялап келет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Португалиялык "Ювентус" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду ай сайын сүйлөшкөн кызы Жорджина Родригеске 50 миңден 100 миң еврого чейин төлөп берип турарын Eurosport испан ТВсына шилтеме берип жазды.

35 жаштагы футболчу Родригеске "айлык акыны" балдарды багып бергенине жана өздүк керектөөлөрү үчүн берет. Мындан тышкары, түрдүү бренддер Жорджинага коммерциялык жарнамасы үчүн сегиз миң евро төлөйт.

Жорджина Родригес -- Криштианунун 2017-жылы төрөлгөн кенже кызы Алан Мартининин энеси. Жубайлар никесин расмий каттата элек.

Басылма спортчунун сүйлөшкөн кызынын бир колундагы аксессуарларынын баасы миллион еврону чапчый турганын жазды.

Анын колундагы сапфир менен кооздолуп, четтерине алмаз басылган шакеги 800 миң евро экендиги айтылды.

Белгилей кетсек, Роналдунун карын энеден төрөлгөн тогуз жаштагы Роналду (кичүүсү) аттуу уулу менен үч жаштагы Ева жана Матео аттуу эгиз уул-кызы бар.