Ош: окуучу атасынын унаасы менен эки кишини коюп кетип, бири каза тапты

Топтолгон материалдардын негизинде окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ош шаарында 15 жаштагы окуучу атасына таандык унаа менен 43 жаштагы адамды койдуруп кетип, жабырлануучу жеринде көз жумду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-февраль күнү, кечки саат 19:50лөр чамасында Ош шаарындагы Тээке айылында (Ош—Араван жолунун 9-чакырымы) болгон.

"15 жаштагы Т.А. аттуу окуучу атасынын Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып Тээке айылынын 43 жаштагы Э.С. жана 45 жаштагы Р.Г. аттуу жаранын коюп кеткен. Натыйжада Э.С. жеринде каза тапса, Р.Г. ооруканага кайрылган", — дешти милициядан.

Топтолгон материалдардын негизинде окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды.