Өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү парламентте ант берди

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бүгүн өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү, тагыраак айтканда, вице-премьерлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ЖК трибунасынан ант беришти.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет менен берилип аткарууга жана Кыргызстан элине кызмат кылууга ант беремин. Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылууга даярмын", — дешти алар.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана өкмөт мүчөлөрү толугу менен катышты.