"Кант" базасынын авиациясы Жеңиштин урматына арналган аскер парадына катышат

Акыркы ирет "Кант" авиабазасынын аскер кызматкерлери борбордогу парадга 2015-жылы катышкан. Анда базанын карамагындагы Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Бишкектеги аскер парадына акыркы беш жылдан бери биринчи жолу ЖККУнун "Кант" базасынын авиациясы тартылат. Бул туурасында Борбордук аскер округунун (БАО) аскерлеринин кол башчысынын орун басары Евгений Поплавский журналисттер менен жолугушуусунда билдиргенин Россиянын Коргоо министрлигинин сайты жазып чыкты.

"Бул жылы БАОнун авиациясы Бишкекте өтө турчу 9-майдагы Жеңиш күнүнө арналган майрамга катышат", — деген ал.

Кыргызстанда пилотсуз башкарылчу учактар пайда болот. Документке Путин кол койду
Кол башчынын орун басары белгилегендей, парадга базанын карамагындагы Су-25 учактары менен Ми-8АМТШ "Терминатор" тик учактары колдонулат.

Акыркы ирет "Кант" авиабазасынын аскер кызматкерлери Бишкектеги аскер парадына 2015-жылы катышкан. Анда дагы жогорудагы учактар тартылып, Россиянын аскер тобу мамлекеттик желеги менен туусун көтөрүп Бишкектин борбордук көчөсү менен баскан. Ошондой эле парадга Россиянын 64 аскер кызматкери тартылган.