Радио

Адилбек уулу: энергетикага инвестиция тартуу үчүн бардык шарттар бар

КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы жогору экендигин айтты.
Sputnik
Адилбек уулу: энергетикага инвестиция тартуу үчүн бардык шарттар бар

Гидроэнергетика тармагына инвестиция тартуу үчүн бардык шарттар бар. Иштеш гана керек. Бул тууралуу Шумкарбек Адилбек уулу "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020" конгрессинен Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 80ге чукул чакан жана ондон ашуун чоң ГЭС курууга мүмкүнчүлүктөр бар.

"Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020" абдан маанилүү иш-чара. Анткени өлкөдө энергияга болгон суроо-талап күн санап жогорулоодо. Ал эми буга чейин курулган ЖЭБ, кичи жана чоң ГЭСтердин техникалык мүмкүнчүлүгү жетишпейт. Аларды жаңыдан салып, кеңейтип, өздөштүрүү зарыл. Бул тармакка инвестиция тартууга жакшы шарттар түзүлгөн. Мисалы, инвесторлор кичи ГЭС, күн нурунан, шамалдан электр энергия өндүргөн станцияларды курса, мамлекет чыгарылган энергияны сатып алууну кепилдейт. Жакында мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, өз наркынан 1,3 эсе кымбат ала турган болду. Бул инвестор үчүн бир аз ыңгайсыз болушу мүмкүн, бирок сатып алуу убактысы 10 жылга чейин узартылды. Мурда сегиз жыл болчу. Муну да аталган тармактагы жылыш катары бааласак болот", — деди Адилбек уулу.

Ошондой эле ал конгрес энергетика тармагында болуп жаткан тренддерди алып, маалымат алмашуу үчүн жакшы аянтча экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бишкекте 19-февралда "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020" конгресси өз ишин баштаган. Анда гидроэнергетика тармагындагы ири компаниялар өз продукцияларын көрсөтүүдө. Аталган иш-чара эки күнгө уланып, ушуну менен төртүнчү ирет өтүп жатат.