Радио

Акматов: жаштардын тажрыйба топтошуна шарт жок болууда

Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Сталбек Акматов жаштарды жумушка алган ишканаларды киреше салыгы менен Cоциалдык фонддун төлөмдөрүнөн бошотуу боюнча мыйзам долбоору ишкерлер үчүн пайдалуу экенин айтты.
Sputnik
Акматов: жаштардын тажрыйба топтошуна шарт жок болууда

Тажрыйбалуу кадрларга суроо-талап күч, ал эми жаштардын тажрыйба топтошуна шарт жок болууда. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштар жогорку окуу жайлардан заман талабына ылайык билим алып, даяр кадр болуп чыгышпайт.

"Ишкер — жумуш ордун түзүп, салык төлөп, мамлекеттин экономикасына эбегейсиз салым кошуп жаткан адам. Демек алардын дагы билим деңгээли көтөрүлүшү керек. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун карап көрсөк, ишкерлерге пайдалуу жагы көп. Себеби жаштарга 10 миң сомго чейин маяна төлөп, социалдык төлөмдөрдөн кутулат. Бул сунуш жаш кадрларга да пайдалуу. Алар тажрыйба топтобосо, жумушка кириши кыйын. Бекер иштеп үйрөнөйүн десе баскан-турганы, тамак-ашына каражат керек. Натыйжада акчасына карап колго тийген жумушка иштейт же мигрант болот. Ошентип өлкөдө кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги пайда болууда. Ошондуктан жаштарды ишке алып, үйрөтүп, анан стимул катары айына 10 миң сом төлөсө, бир жылдан кийин жакшы кадр даяр болот", — деди Акматов.

Ишкер аталган мыйзам долбоору миграцияны азайтууга мүмкүнчүлүк түзө турганын кошумчалады.