Сот блогер Сыдымандын баш коргоо чарасын тандады

Блогерге карата Жазык кодексинин "Аймактар, улуттар аралык же диний, этникалык жана расалык кастыкты козутуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Сот аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган 23 жаштагы блогер Элмир Сыдымановдун баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан кабарлашты.

"БеспределKG" баракчасынын администраторунун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү
Билдирмеге караганда, фемида өкүлдөрүнүн чечими менен Сыдыманов эки айга, 18-апрелге чейин, тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, блогерге карата Жазык кодексинин 313-беренеси ("Аймактар, улуттар аралык же диний, этникалык жана расалык кастыкты козутуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Анын алкагында Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери 17-февралда шектүүнү кармап, тергөө кызматына алып келген. Андан соң Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.