Радио

Батыралиев: медициналык туризм колго алынса кошумча каражат булагы болот

Мурдагы саламаттык сактоо министри, профессор Талантбек Батыралиев республикада медициналык туризмди киргизүү аракеттеринен майнап чыкпай келе жатканын айтты.
Sputnik
Батыралиев: медициналык туризм колго алынса кошумча каражат булагы болот

Медициналык туризм өлкөнүн экономикасына пайда алып келет. Бейтаптар муктаж болгондугу үчүн арга жоктон чет жакка барып дарыланууда. Бул тууралуу Талантбек Батыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Төлөмүш Океев жубайына боорун алмаштыруу боюнча опперацияны чет өлкөдө жасатканда трансплантологияны өнүктүрүү керектиги билинип, бул маселе коомчулукта айтыла баштаган.

"Медициналык туризмди киргизүүнү 20 жыл мурун эле сунуштагам. Бирок колдоо тапкан эмес. Бүгүнкү күндө жарандарыбыз дарылануу, ал тургай ооруну аныктоо үчүн деле чет өлкөгө чыгып жатышат. Анткени чет өлкөлөрдө медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогору. Алардын камсыздандыруучу компаниялары бейтапканаларга абдан күчтүү көзөмөл жүргүзөт. Медициналык туризм өнүксө бейтаптардын өз жеринде сапаттуу, кымбат эмес дарылануусуна шарт түзүлүп, ал эми бюджетке  кошумча каражат булагы болуп калмак. Бул үчүн саламаттык сактоо системасын оңдоо зарыл", — деди Батыралиев.

Ошондой эле ал трансплантологияны өнүктүрүүдө айрым мыйзамдар тоскоолдук жаратып жаткандыгын кошумчалады.