Башкыртстандын Иглинс районунда фермерлер аяздуу суукта муз жарылып, сууга чөгүп бараткан бир нече жылкыны каармандык менен сактап калышты.
Кадрдан сууга түшүп кеткен жылкылардын бир нечеси чөгө баштаганын көрүүгө болот. Адатта жылкы башка жаныбарларга караганда агын суудан аман-эсен өтүп кетет. Бирок бул жер абдан терең болгондуктан ал жаныбарлардын суунун алдында калып кетүү кооптуулугу бар болчу. Сагитзян жана бир нече киши алгач арканды мойнуна ыргытып, жылкы колго илинген соң тартып чыгарышкан. Анткен менен буларга айдатып келген трактор фермерлерге жакшы жардамчы болгон.
Кишилердин биринин айтымына караганда, кырсык аба ырайынан улам болгон.
"Жылкылар адат менен музга кирген, себеби анын калыңдыгы жарым метр. Кудайга шүгүр, тезирээк аракет кылып, баарын алып чыгып алдык", — деп жазган ал.
Жылкылар сууда бир нече убакыт туруп калгандыктан, сууда калкып тура албай, чекесинен чөгө баштаган. Ошентсе да бул жаныбар кошкуруп, үркүп, ал тургай башына аркан ыргыттырбай кишилерди бир топ убарага салган.