Атамбаевдин абалы начарлаганын жактоочусу кабарлады. УКМКнын түшүндүрмөсү

Мурдагы президенттин уулунун дарыгерлердин сөзүнө таянып айтканына караганда, ал инсульт же инфарктка кабылчу абалда турат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин абалы УКМКнын тергөө абагында начарлады. Бул тууралуу анын уулу Кадырбек жактоочу Замир Жоошевдин сөзүнө таянып Facebook баракчасына жазды.

"Атамдын кан басымы түшүп кетиптир. Дарыгерлердин айтымында, бул нерсе инсульт же инфарктка алып келиши мүмкүн. Бийлик күнүмдүк мониторингдин жыйынтыктарын жашырып жатат. Адвокаттын айтымында, акыркы өлчөө кан басымы 60ка 76 болгонун көрсөтүптүр", — деп жазды ал.

Ал эми УКМКнын маалымат кызматы Атамбаевдин акыбалы туруктуу экенин, мамлекеттик комитеттин дарыгерлери күнү-түнү анын абалын көзөмөлдөп жатканын билдирди.