БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Өкмөт бийик тоолуу аймактардын, анын ичинде Ат-Башы районунун жашоочуларына жөлөк пул төлөнбөй калышы мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айтты.
Буга чейин социалдык тармактарда аталган аймактын эли эми жөлөк пул албай калат деген маалыматтар тараган.
"Пенсия, жөлөк пул жана айлык акы боюнча мыйзамдын 187-беренесине ылайык, Ат-Башы районун бийик тоолуу категориясынан чыгаруу демилгеленди", — деп жазылат соцтармакта тараган билдирүүдө.
Өкмөт мындай билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтты.
"Өкмөт мындай чечимдерди демилгелеген эмес. Бул сыяктуу акылга сыйбаган имиштерди белгилүү бир саясий чөйрөлөр өз кызыкчылыктарын көздөп жайылтууда", — деп жазылат өкмөттүн маалыматында.