ЖМК: Япониядагы лайнерде коронавирус жуктургандардын ичинде кыргызстандык бар

Кеме 5-февралдан бери Иокогама шаарында карантинде турат. Анын ичиндеги 450 адам коронавирус жуктурганы кабарланган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Японияда кармалып турган Diamond Princess круиздик лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында бир кыргызстандык жаран бар. Бул туурасында World of Cruising журналы жазып чыкты.

Кытай: коронавирус жуктуруп алганын жашыргандар өлүм жазасына тартылат
Дарыгерлер ал круиздик лайнердин бортунда бараткан чет элдик 67 жаран коронавирус жуктарганын аныктаган. Кеме 5-февралдан бери Япониянын Иокогама шаарында карантинде турат. Буга чейин 19-февралда лайнерди карантинден чыгаруу пландалганы кабарланган.

Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги 15-февраль күнү илдетке кабылган 67 адамдын жарандыгы тууралуу маалымат берген.

Анда Кыргызстандын 1, Австралиянын 5, Канаданын 3, Кытайдын 3, Германиянын 2, Гонконгдун 1, Индиянын 2, Япониянын 27, Филиппиндин 17, Тайвандын 1, АКШнын 5 жараны вирус жуктурганы айтылат.

Соңку маалыматтар боюнча, лайнердин ичинде 3 400 адам болгон, ал эми коронавирус жуктургандардын саны 450гө жеткени айтылат.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери